Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Абдирайим кары» медресесинин студенттери менен жолугушту

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош облусундагы «Абдирайим кары» медресесин зыярат кылып, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда аалымдар матуридилик акыйдасы жана ханафилик махабы боюнча тереңдетилген лекция окушуп, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Окуу жай жетекчиси Абдирахман кары Атабаев атайын ат арытып, жол карытып келген аалымдарга ыраазычылык билдирип, аларга “Абдирайим кары” медресеси жана “Имам Бухарий” ислам институту тууралуу кеңири маалымат берди.