Кара-Сууда классташтар имамга умрага жолдомо белек кылышты

Кечээ, 26-январь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кенжекул айылындагы 1990-жыл туулган классташтардын атынан аталган айылдагы «Кенжекул» мечитинин имам-хатиби Нурлан Маткаримовго умра сапарына жолдомо тапшырылды.

«Өлкөбүздүн булуң-бурчтарында элге кызмат кылып келе жаткан имам-дамлаларга умра сапарына жолдомо белек кылынууда. Динибизде «жакшылык иште жарышкыла» деп айтылгандыктан, биз дагы достор менен кеңешип, элибизге кылып жаткан кызматтарына ыраазычылык иретинде имамыбызга умрага жолдомо белек кылууну туура көрдүк. Башка айыл жаштарына да үлгү болот деп ишенебиз», – деди демилгечилер.

Жаштарга имам да өз ыраазычылыгын айтып, ак батасын берди. Ошондой эле жергиликтүү аксакалдар да жаштарга дуба беришти.

Айта кетсек, Нурлан Маткаримов «Кенжекул» мечитинде 9 жылдан бери имамдык кызматын аркалап келүүдө.