Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы Дастан ажы Мамаевге Ардак грамота тапшырды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев элди ынтымак, биримдикке чакырууда жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн райондук мамлекеттик администрация тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.

Аталган сыйлыкты райондун акими Дамир Кулубаев өзү тапшырып, баш хатибдин иштерине ийгилик каалап, ар дайым тыгыз кызматташууга чакырып өттү.