Таласта ысырапкорчулуктун алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү» жана «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыктарын ишке ашырылышы боюнча атайын жыйын болуп өттү.

Жыйынга КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М. Сейдикеримова, Талас облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы М. Мамбеталиев, Талас облусунун мусулмандарынын казысы С. Узеналиев, райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, райондук баш имам-хатибдер, аксакалдар кеңеши, жалпы эле жарлыктар менен иш алып барган кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жарлыктарды ишке ашырууга кеңештер, сунуштар, ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча дин чөйрөсүндөгү иш-аракеттер жана аны ишке ашыруу алкагында аткарылган жалпы иштер каралды. Облус казысы С. Узеналиев ысырапкорчулукка кенен токтолуп, «Чөптү ысырап кылсаң, көзгө зыян» дегендей, бүгүнкү ысырапкорчулуктун зыянын эртең тартып калбаш үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө биргелешип иш алып баралы», – деп билдирди.