Баткен шаарында зордук-зомбулуктардын алдын алуу иш-чаралары уланууда

Кечээ, 26-январда Баткен шаарындагы В.И Ленин атындагы орто мектебинде окуучулардын ата-энелерине багытталган жыйын өтүп, зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Баткен шаарынын мэринин орун басары Мансурбек Маматисаев, Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов жана шаардык милиция, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдындагы үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, хатибият кызматкерлери, аксакалдар сотунун төрагасы, алдар кеңешинин төрайымы катышып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйында мыйзамда көрсөтүлбөгөн иштерди байкап калган жаран дароо укук коргоо органдары менен байланышып, окуя тууралуу маалымат бериши, ошондой эле өз балдарынын түн ичинде көчө таптап жүрбөшүнө, ата-энеси миграцияда жүргөн жаш өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүү жана башка түшүндүрүүлөр болду. Ал эми дин кызматкерлери ата-эненин бала тарбиялоодогу милдеттери тууралуу айтып берди.

Мындай иш чаралар өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо, үй-бүлөлүк чыр-чатактарга жол бербөө, ошондой эле зомбулуктардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.