Кара-Кулжадагы «Шарип-Ата» мечитинин дааратканасы жаңыланды

Кечээ, 26-январь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылындагы «Шарип-Ата» мечитинин дааратканасынын курулуш иштери бүткөрүлүп, элге пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев билдирди.

«Өлкө боюнча мечит-медреселерде илим алуу жана ибадат кылуу үчүн ылайыктуу шарттар түзүлүп келүүдө. Кара-Кулжа айылындагы Шарип-Ата мечитинде да жергиликтүү тургундар үчүн заманбап шарттары менен дааратканасы жаңыланды. Салым кошкондордон Аллахым ыраазы болсун», – деди Дастан ажы Мамаев.