Мухаммадияр кары Курбанбеков эпидемияга жана эпиоозотияга каршы комиссиянын жыйынына катышты

Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпиоозотияга каршы комиссиясынын жыйыны болуп өттү.Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери,  Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышты.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2024-жылдын 25-январына карата кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы, илдеттин алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле кызамык илдетинин катталган учурлары, кооптуулугу, эмдөө, алдын алуу жана жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча маалыматтар берилди.

Жыйын соңунда шаар бийлиги тарабынан коюлган түшүндүрү иштери жүргүзүлүп жатканын айткан Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков бул илдеттин алдын алуу боюнча жалпы тиешелүү башкармалыктар менен биргеликте иш алып барып жатканын айтып, эмдөөгө каршы чыккан ар кайсы катмардагы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатканын айтты.