Ысык-Көл облусунун казысы Түп районунун Ичке-Суу айылынын тургундары менен жолукту

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Ичке-Суу айылындагы Зууракан Батырбаева атындагы орто мектебинин жогорку класс окуучуларына жана айыл тургундарына сабак өтүлдү.

Аталган иш-чарага Ысык-Көл ОИИБинен кызматкерлер, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт Кайкиев катышты.

Мектеп окуучуларына Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний агымдар, алардын эмне себептен тыюу салынганы тууралуу баяндама жасалып, суроо-жооп менен аяктады. 

Аталган айылдын мечитинде облус казысы жалпы элге экстремизм, терроризм боюнча баяндама жасап, тыюу салынган диний агымдар боюнча, анын ичинде «хизбут-тахрир ал-исламий», «якын-инкар» жамааттары туурасында түшүндүрмө берди.

Баяндама соңунда суроолорго баш имам-хатиб жооп берип, ыйман, адеп-ахлак, илим туурасында баян кылды.