![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/01/IMG-20240129-WA0011.jpg)
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев борбордук «Азирети Билал» мечитинде райондогу жалпы имамдар жана аксакалдар менен жыйын өткөрүп, жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртуу, ысырапкорчулуктун алдын алуу жана ислам баалуулуктары тууралуу баяндама жасады.
Ошондой эле аксакалдардын сунуш-пикирлерин угуп, баталарын алды.
Айта кетсек, аталган жыйынга ар бир айылдан бирден аксакал катышты.