Алмазбек ажы Сагындыков: «Имам бардык жакшы иштерде алдыда болушу керек»

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Ысык-Көл районунун имамдарынын жыйналышына катышты. Жыйында 2023-жылы аткарылган иштер талкууланып, 2024-жылы аткарыла турган иштер пландалып, облус казысы бир катар тапшырмаларды берди. Алмазбек ажы мечиттердин тазалыгы, финансылык жагдайлар, жаназа намаздарын алып баруудагы эрежелер, элге ысырапчылыктын кесепетин түшүндүрүү, жамааттар менен иш алып баруу, жаштар менен иштешүү, коомдук иштерде активдүү болуу сыяктуу имамга керектүү маселелер боюнча баяндама жасады.

«Урматтуу имамдар, имам бардык жакшы иштерде алдыда болушу керек. Илим алууда, тазалыкта, кийим кийүүдө, коомдук иштерде активдүү болуп, өзүбүздү үлгү катары көрсөтөлү. Кийимибиз элден өзгөчөлөнбөстөн жагымдуу кийинели. Имам Абу Ханифа: «Селдеңерди чоң байлагыла жана жеңдериңерди кеңейткиле», — деп шакирттерине эскертет эмеспи. Себеби, ошол учурда селдени чоң кылып ороо, жеңдердин кең болуусу алдыңкы кийим болуп саналган. Имамдар дагы элден калышпаган тыкан, таза киймдерди кийүүсү кажет болот», — деп кошумчалады Алмазбек ажы Сагындыков.

Ал эми Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиевдин сунушу менен райондогу көп жылдан бери имамдыкты аркалап, кызмат кылып келе жаткан жана ошондой эле 2023-жылы алгылыктуу иштерди жасаган имамдарга казыят тарабынан Ардак грамотасы берилди.