Имамдын демилгеси 40 муктаж үй-бүлөнү кубантты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынычтыкбек ажы Шаиковдун демилгеси менен 40 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Анда ар бир үй-бүлөгө бир кап ун, печенье, макарон, күрүч, кумшекер, суу май, туз, картошка, сабиз, пияз, самын жана кир жуучу каражаттар берилди.

«Районубузда муктаж үй-бүлөлөр бар. Аларга жардам берүү, муктаждардын муктаждыгын жоюу боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде, “Садака балээ-кырсыктын жетимиш түрүнүн алдын алат”, “Бир курманын жарымын садака кылып болсо да өзүңөрдү тозоктон сактагыла!” деп айткан. Ошондуктан ар бирибиз колубуздан келген жардамды аябайлы. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы бир хадисинде “Алган колдон берүүчү кол жакшыраак!” деген. Ошондуктан ар бирибиз кайрымдуу болуп, бири-бирибизге жардам берели, — деди.