Дастан ажы Мамаев: «Инсандарга пайдалуу иш жасайлы, зыян берип албайлы»

Бүгүн, 30-январь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев 12 айыл өкмөттөгү жооптуу имамдарга жыйын өткөрдү.

Жыйында төмөнкү маселелер каралып, бир нече тапшырмалар берилди:

— Элди ынтымакка чакыруу;

— Мечиттин тазалыгы жана жылуулугун көзөмөлдөө;

— Жума намазын өз убагында окулушуна көңүл буруу;

— ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

«Жума баянын көбүрөөк айтууну кааласаңыз, анда эртерээк баштап, өз убагында бүтүрүңүз. Анткени көпчүлүк жумуш ордуна кечигип калышы мүмкүн. Ошондой эле, жума намазына келгендер жол эрежесин сактап, автоунааларын токтотушсун. Инсандарга пайдалуу иш жасайлы, зыян берип албайлы», — деди Дастан ажы Мамаев.