Чүй казыяты баш имам-хатибдерге 2024-жылдагы аткарылчу иш планын тааныштырды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер катышкан жыйын болуп өттү. Жыйында жыл ичинде аткарылуучу иш-чаралар каралып, биртоп тапшырмалар берилди. Алсак;

— диний агартуу иштерин жолго коюу;

— салттуу ислам дүйнө таанымын тереңдетип жайылтуу;

— КР Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу;

— КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» боюнча Жарлыгын ишке ашыруу;

— «Улуттук нарк» жөнүндөгү КР Президентинин  2023-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгын ишке ашыруу;

— Эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттердин каттоосун тездетүү;

— Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу ж.б.

«Убакыт учкан куш» демекчи, убактыбыз зымырап өтүп баратат. Аны туура пайдалануу биздин милдет. Ыйык Куранда Аллах Таала «Асрга ант» деген. Аср —  убакыт, мезгил дегенди билдирет. Ант менен биргеликте убакыттын баалуулугун эскертип өттү. Мына ушундан улам өмүрүбүздү эл үчүн, дин үчүн кызмат кылууга жумшайлы. Жыл ичиндеги аткарылуучу иштерди өз учурунда так, даана кылганга аракет кылалы», — деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.