Ноокаттагы «Ат-Термизий» мечитинин дааратканасы 6 млн сомго жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы Уч-Кампир айылында жайгашкан «Ат-Термизий» мечитинин дааратканасы толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаровдун айтымында, жаңы даараткана заманбап шарттары менен бүткөрүлүп, бир учурда 50 адам даарат алганга мүмкүнчүлүк каралган. Өзгөчөлүгү абаны тазалоо үчүн электр энергиясы катары шамалдын күчү колдонулат.

Айта кетсек, дааратканага жалпы 6 млн сомдук каражат жумшалган. Тиешелүү каражаттарды жергиликтүү тургундар жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жыйналган.