Бекназар ажы Жапаров: «Мусулман жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болушу керек»

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров «Маруфхан Төрө» мечитинин жергиликтүү жамааты менен жолугушуп, өз баяндамасын жасады.

«Мусулман жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болушу керек. Анткени пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде: «Ислам — бул жакшы кулк-мүнөз» деп айткан. Ошол себептен өзүбүздүн жана балдарыбыздын жүрүм-турумуна кайдыгерлик кылбастан оңдоп, башкаларга үлгү болууга аракеттенели», — деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Ошондой эле ал ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча маалымат берип, бул ахли сүннөт мазхабдарын бекем кармануу жөнүндө баса белгилеп өттү.