Бекназар ажы Жапаров Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы менен жолугушту

Бүгүн, 30-январь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ильязбек Акматов менен жолугушуп, диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«Диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү иштери боюнча хатибият тиешелүү иш кагаздарын убагында даярдап берүүгө аракет кылып келүүдөбүз. Сиздер тараптан да иш кагаздарын даярдоону тездетип берсеңиздер. Аллахым кызматыңыздардан ыраазы болсун. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз», — деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.