Кара-Сууда 20 жылдан ашуун иштеген имам жана азанчы Ардак грамота менен сыйланды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында жайгашкан «Бакал» мечитинин имам-хатиби Ибрахим Ботобаев жана азанчысы Эсенбай Абсейитовго казыяттын сунушу менен райондук хатибият тарабынан Ардак грамота тапшырылды.

Аталган дин кызматкерлери «Бакал» мечитинде 20 жылдан бери эмгектенип келишүүдө. Ардак грамота жергиликтүү элдин сунушу аркылуу казыяттын көрсөтмөсү менен райондук хатибият тарабынан тапшырылды.

Ардак грамотаны Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Эгемберди Жалалов жергиликтүү жамааттын алдында тапшырды.