Бекназар ажы Жапаров Куу-Майдандагы жаңы курулган мечитти зыярат кылып, документ иштери менен таанышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров аталган райондогу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы жаңы курулуп, эсептик каттоодон өтө элек мечиттин тиешелүү документтери менен таанышты.

«Мечиттин негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, айрым майда иштери калыптыр. Буюрса алар бүткөрүлгөнгө чейин мечиттин тиешелүү иш кагаздарын толуктап, эсептик каттоодон өткөрөбүз», — деди баш имам-хатиб.

Айта турган болсок, аталган мечиттин мамлекеттик акт, АПЗ, 200 адам тизмеси, токтомдору даярдалган. Тех.паспорт менен архитектурадан корутунду бүткөрүлсө, каттоодон өтөт.