Кайыңдыда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын борбордук мечитинде Панфилов районунун акиминин орун басары Максат Тилекматов, райондун баш имам-хатиби Жуман ажы Дубанаев жана укук коргоо органдарынан өкүлдөр катышты. Жыйында Жуман ажы сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду:

«Азыркы учурда коомубуздагы аялзатына, жаш балдарга, алсыздарга кээ бир (зөөкүрлөр) тараптан болуп жаткан зордук-зомбулук жанды кейиткен өтө аянычтуу нерсе. Бул нерсеге динибиз өтө катуу тыюу салган. Жадагалса согуш учурунда да аялдар, балдар, карыяларга зыян жеткирүүгө тыюу салынган. Аллах Таала ыйык Куранда «Адамдар өз колдору менен жасагандарынын кай биринин жазасын тарттыруу үчүн кургактыкта жана деңизде бузукулук ачыкка чыкты» деп билдирет. Эгер биз заалымдын зулумунан кайтарбасак, анын кесепети жалпы элге тийет. Ошондуктан баскан-турган жерлерибизде элди жакшылыкка чакырып үндөө зарыл», — деп билдирди.