Ысык-Көл облусунда имамдардын билимин жогорулатуу курсу аяктады

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында облус казыяты тарабынан уюштурулган 10 күндүк имамдардын билимин жогорулатуу курсу аяктап, курска катышкан имамдарга сертификаттар тапшырылды. Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков сертификат тапшырып жатып, имамдарга илим алуунун маанилүүлүгү, илимдин пазилеттери, биримдик, ынтымак, мечиттерге көңүл буруп, аларды таза кармоо, жамаат менен иштешүү жана казыят, хатибияттар менен тыгыз байланышта болуу туурасында сөз кылды.

«Курандагы Жараткан Алла Тааланын эң биринчи буйругу «Оку!» деген буйрук болгонун баарыбыз билебиз. Эми ошол буйрукту иш жүзүнө ашырып, ушинтип окууга келип отурасыздар, илимиңиздерге береке берсин. Бул буйрук жөн жерден эле биринчи айтылган эмес, билимдүү эл ар дайым алдыда болуп келген. Ушул бойдон токтоп калбай, дайыма ушул сыяктуу курстарга катышып, пайда алып тургула», – деп Алмазбек ажы Сагындыков имамдарга насаатын айтып, катышуучуларга, эли-жерге тынчтык, өнүгүү тилеп дуба кылды.

Облус казысы ушул курсту колго алып, уюштурууда жардам кылган Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулуна ыраазычылыгын айтып, иштерине ийгилик каалады.

Кошумчалай кетсек, окуу курсунун келерки айлампасы февраль айында болот.