Ажы башчылыкка талапкерлер тест тапшырууда

Бүгүн, 1-февраль күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде ажы башчылыкка талапкерлер шарият талаптары, өзгөчө ажылыктын жол-жобосу, шарттары жана эрежеси боюнча тест тапшырууда. Тесттик сынактын алкагында ар бир талапкерге 50 дөн суроо берилүүдө.

УРШ төрагасы, Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучусу Самидин кары Атабаев тестирлөө жогорку деңгээлде өтүп жатканын билдирди:

«Сынакты адилет өткөрүү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде тестирлөө өткөрүп келебиз. Ажы башчылыкка талапкерлерге интернетке жарыяланган суроолордун ичинен аралаштырылган, бири-бирине окшобогон суроолор туш келип жатат. Компьютердин артыкчылыгы ар биринин жыйынтыгы тест бүтөрү менен автоматтык түрдө өздөрүнө маалым болот. Тестте босого баллдан жогору алган талапкерлерди аңгемелешүү этабына чакырабыз. Баарлашуу этабында талапкерлердин диний билим деңгээли, акыйдасы жана мазхабдык позициясы, тажрыйбасы, жалпы эле билими, тил билгендиги, шык-жөндөмү, адеп-ахлагы, жүрүм-туруму, менеджерлиги, ажыларды алып барып келе алуу дарамети ж.б. каралат. Ажылардын ажылыгы шарият талабындай болушу үчүн потенциалы жогору ажы башчылар тандалып алынат».

Ал эми КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажыбашчылык машакаттуу жана шарапаттуу озуйпа экенин, бир гана теориялык билим жетпестигин айтып, ажылар ыйык Мекке жана Медина шаарларына учуп кеткиче алардын документтерин ырастап, пландуу түрдө сабактарды өтүп турушу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн 285 талапкер тесттен өз күчүн сынап жатат. Тесттен жогору балл алгандар эртең, 2-февраль күнү саат 9:00 дө өтө турчу баарлашуу сынагына катышат.