Ош облусунда 24 саат Куран окуу саамалыгы башталды

Бүгүн, 1-февраль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев 24/7 Куран окуу саамалыгын баштап берди. Аталган иш-чаранын ачылышына казыят кызматкерлери жана Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунун баш имам-хатибдери катышты.

«Куран окууда көптөгөн береке бар. Өлкөбүздө тынчтык, амандык жана береке болуусу үчүн күнү-түнү Куран окуу саамалыгы башталып, бул жөрөлгөнү Ош облусунун мусулмандарынын казыяты да уланта баштады. 24/7 Куран Ош облусундагы көптөгөн диний окуу жайлардын арасынан «Имам Матуриди» ислам институтунда өткөрүлүшү ушул окуу жайдын студенттери үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Куранды толук жаттаган карылар үчүн Рамазан айына даярдык болот», — деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Айта кетсек, 24/7 Куран жөрөлгөсү буга чейин Бишкек жана Жалал-Абад казыяттары тарабынан уюштурулуп, түз обого чыга баштаган. Аталган кураний саамалыкты өлкөдөгү жалпы казыяттарда уюштуруу демилгеленген.