«Алла – сабырдууларды сүйөт» (Аалу Имран, 146)

Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен.

Бүгүнкү Бишкек ЖЭБинде катталган авария баарыбызды түйшөлтүп, өзгөчө борбор калаа тургундарын убайымга салды. «Кырсык каш кабактын ортосунда» демекчи, капилеттен келген кырсыктан сабак алып, Аллага жакындоонун, пейилди жакшыртуунун, ынтымакты арттыруунун бир себеби катары кароо максатка ылайык. Бул диний көз караштан алып карагандагы тыянак. Анткени Алла Таала Куранда мындай деп белгилейт:

مَٓا اَصَابَ مِنْ مُصٖيبَةٍ فِي الْاَرْضِ وَلَا فٖٓي اَنْفُسِكُمْ اِلَّا فٖي كِتَابٍ مِنْ قَبْلِ اَنْ نَبْرَاَهَاؕ اِنَّ ذٰلِكَ عَلَى اللّٰهِ يَسٖيرٌۚ ﴿٢٢﴾

«Китепте (Лавхул Махфузда) алдын ала жазылып коюлгандай жерге да, силердин жаныңарга да, мусийбат (кайгы) Биз белгилеп койгондон мурда келбейт. Чындыгында бул – Аллага жеңил»

(Хадид, 22)

Өлкө жетекчилиги тез арада кырдаалды турукташтырып, абалды жөнгө салуу аракетин баштады. Кырсыктан жабыр тарткан бир туугандарыбызга Жараткандан шыпаа тилейбиз. Эл кызматында кырсыкка учурап калган азаматтарыбызга бүгүнкү ыйык жума күнү күч-кубат, бекем ден соолук сурап кетебиз. Ошондой эле ушул күнгө чейин баш калаабыздын жылуулугун камсыздап келген Бишкек ЖЭБ жамаатынынын ишине жеңилдик жана береке каалайбыз.

Ушундай кырдаалдарда баарыбыз биримдикте болуп, асмандан-жерден келе турган түрдүү апаат-кырсыктардан сактасын деп Алла Тааладан тынымсыз сурап туралы. Дайыма дубада болуп, мечиттерибизде жана үйлөрүбүздө Куран түшүрөлү. Мекенибизге бүтүндүк, өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге ыймандуулук, ынтымак, ден соолук, сабырдуулук тилейли.

Алла Таала жалпыбызды өз коргоосуна алган болсун. Оомийн.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучусу Самидин кары Атабаев