Акжол ажы Бакиров: «Өнүгүүнү өздүк жүрүм-турумду жакшыртуудан баштоо керек»

Бүгүн, 2-февраль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда элди ынтымак, достук жана  биримдикке чакырып, адеп-ахлак, жүрүм-турум нормалары боюнча баяндама жасады.

«Ынтымак бар жерде ырыс бар» демекчи, эл ар дайым ынтымакта болсо, өнүгүү боло берет деп ишенебиз. Өнүгүү жолунда адамдардын жүрүм-туруму да коомго чоң таасирин тийгизет. Андыктан алгач өнүгүүнү ар ким өзүнүн жүрүм-турумун жакшыртуудан баштаганы туура. Буга чейин ислам динин жайылтууда мусулман адам башкаларга үлгүлүү жүрүм-туруму менен сөзү өтүмдүү болуп келген. Мындан кийин да мусулман адам башкаларга үлгү боло турган болуусу кажет», — деди Акжол ажы Бакиров.