Эрмекали Ботобаев: «Ким кандай кесипти аркалаган болсо да, адамгерчилигин жоготпосун»

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатибинин орун басары Эрмекали Ботобаев райондогу Кашка-Суу айылында жайгашкан «Эсенкелди уулу Максатбек» атындагы орто мектебинин жогорку класс окуучулары жана ата-энелери менен жолугушту.

Иш-чара мектеп мугалимдери тарабынан уюштурулуп, Эрмекали Ботобаев илим алуунун зарылдыгы боюнча баяндама жасап берди.

«Ким кандай көчөт отургузган болсо, ошого жараша мөмөсүн алат. Жаштык кезиңерди талыкпай окуп, жакшы жүрүм-турум менен өткөрсөңөр, буюрса келечекте анын үзүрүн көрөсүңөр. Адам ар бир нерсеге өз мээнити менен жетишет. Ошол себептен, көп китеп окуп, дүйнө таанымыңарды кеңейтип, тандаган кесибиңер боюнча мыкты адис болууга даярдык көргүлө. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» демекчи, аракет кылсаңар чоң ийгиликтерге жетесиңер. «Ааламга жол айылдан башталат» деген сөздү эске тутуп, алдыга чоң максат койгула. Ким кандай кесипти аркалаган болсо да, адамгерчилигин жоготпосун», — деди Эрмекали Ботобаев.