Алимухаммед Мийзамидин уулу: “Китепкөй энелер көп болсо, адептүү муун тарбияланат”

Сүлүктү шаардык хатибияты “Адеп Башаты — Баткен” диний уюму менен биргеликте жалпы Сүлүктү шаарынын айымдары үчүн «Аруу энелерди тааныйлы жана тарбия үй-бүлөдөн башталат» аттуу семинар өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алимухаммед Мийзамидин уулу катышуучуларга динибиздеги үлгүүү айымдар жөнүндө баяндама айтып, китепкөй энелер көп болсо, адептүү муун тарбияланарын баса белгиледи.

Ошондой эле пайгамбарыбыздын жубайларын таануу максатында “Аруу энелер” аттуу китеп боюнча конкурс уюштурулуп, иш-чарага Сүлүктү шаарындагы 60 жакын айым катышты.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар жеңишке жетишти:

1-орун: Жайнакова Мавлюда

2-орун: Кудайберди кызы Нуржамал

3-орун: Асан кызы Батма

4-орун: Болтаева Чынайым

5-орун: Арзыбаева Тахмина

6-орун: Бөрүбаева Зарбүбү

7-орун: Абдужалил кызы Айзат

Жарышта алдыңкы орунду ээлегендер уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу белектер менен сыйланды.