![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/02/IMG-20240206-WA0000.jpg)
Бүгүн, 6-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары, милициянын майору Эмилбек Сапарбаев жана 10-бөлүмдүн жетекчиси, ага лейтенант Бектур Абылакимов менен жолугушуп, тыгыз иш алып баруу максатында жылдык иш мерчем бекитилди.
«Хатибиятыбыз Кара-Кулжа РИИБи менен биргеликте аймагыбызда диний экстремисттик, улуттар аралык чыр-чатактарга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу, ошондой эле коомдук абалды туруктуу сактоодо биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча иш мерчем түздүк», — деди Дастан ажы Мамаев.