Сулумбек ажы Узеналиев: «Исламда илимдин орду чоң»

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районундагы «Бакай-Ата» атындагы Куран жаттоо медресесинин студенттери менен жолугушту. 

Жолугушууда облус казысы илим алуунун артыкчылыктары туурасында лекция окуду. Андан тышкары ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасын билүү зарылдыгына да токтолду. 

«Исламда илимдин орду чоң. Аллах Таала илим жолуна түшкөн адамдын Бейиш жолун жеңилдетет. Илим бул Аллахка алып барчу эң жеңил, эң кыска жол. Убакыт өтүп жатат. Ошондуктан илим талап кылалы», — деди облус казысы.