Бекназар ажы Жапаров социалдык биримдиктин барометр концепциясын иштеп чыгуу боюнча өткөн жолугушууга катышты

Бүгүн, 6-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров социалдык чыңалууга мониторинг жүргүзүү үчүн социалдык биримдиктин барометр концепциясын иштеп чыгуу боюнча эл аралык эксперттер менен болгон жолугушууга катышты.

Жолугушууну Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мамажунус Абилов алып барып, социалдык биримдиктин барометр концепциясынын жана методологиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча социалдык чыңалууларды жана тобокелдиктерди алдын алуу процессине тартылган мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен талкуулады.