Жети-Өгүздө имамга авто унаа белек кылынды

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын имамы Азат Ашировго аталган айылдын жаштары биригип, каражат топтоп, «HONDA TORNEO» үлгүсүндөгү авто унаа белек кылышты. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди. Анын айтымында, унааны атайын жаштар демилге көтөрүп, өз ыктыярлары менен имамдын көп жылдык эмгегин баалашып, белек катары тартуу кылышкан.

Айыл тургуну Бекназар Карыбаев буларга токтолду: «Биз айылдын жаштары буга чейин дагы кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамга муктаж бир туугандарыбызга, кары-картаңдарыбызга көмөк көрсөтүп, колубуздан келген жардамыбызды берип келебиз. Бүгүн, имамыбыз Азат Шамиловичтин айылыбыз үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендиги үчүн ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик».

Азат Аширов аталган айылда имамдыкты аркалап келе жатканына 7 жылдан ашты. Диний жогорку билимдүү, КИУ бүтүрүүчүсү.