Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

Кечээ, 6-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Хамза Бин Абдумиталип» мечитинде борбор калаадагы жалпы имамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. 

Жыйынга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы, милициянын подполковниги Талантбек Чукубаев, ушул бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам опер кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев жана Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган шаардыгы жалпы 74 мечиттин имамы катышты. 

Жыйында ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, аны болтурбоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана мыйзам бузулган учурда кандай чаралар көрүлөрү тууралуу баяндамалар жасалды.

Укук коргоо кызматкерлери акыркы учурлардагы төбө чачты тик тургузган дене-мүчөлөрүн кескилеп салган айрым үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар боюнча айтылып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча имам-хатибдерден жардам берүүсүн суранып өтүштү.  Жыйын сонунда шаар казысы Шакир ажы Маматов үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, аны болтурбоо жалпы журтка түшүндүрүү дин кызматкерлеринин милдети экендигин баса белгилеп, көмөк көрсөтөрүн билдирди.