Бишкек шаарындагы мечиттерде камералар орнотулат

Кечээ, 6-февраль «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитинде Бишкек ШИИБинин катышуусунда имамдардын жыйыны болуп өттү. 

Жолугушууга Бишкек ШИИБнин 10-башкармалыгынын начальниги Аскат Муратканов, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Талантбек Чукубаев, ушул бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам опер кызматкери Мирлан Качкынбаев жана Бишкек шаардык казыятынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев баштаган калаадагы 22 жума мечиттердин имамдары катышты. 

Жолугушууда Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү адамдарды жүзүнөн тааный турган видеобайкоо камералар жөнүндө кенен маалымат берип, алгач шаардагы эң чоң 22 мечитке орнотууну сунуштады.

«Мечитте намаз окуган момундардын мүлктүк коопсуздугун камсыздоо абдан зарыл. Анча-мынча колу туткактар ыйык жай болгон мечитте Алладан коркпой намазкандардын буюм-тайымдарын уурдаган фактылар көп катталып жатты. Андыктан адамдарды жүзүнөн тааныган камера орнотуу өтө маанилүү. Бул камералар мечитке ким кирип, ким чыгып жатканын аныктап берет», — деди Талантбек ажы Темирбаев.