Сайдамир ажы Жейналиев: «Ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар деп ишенебиз»

Бүгүн, 7-февраль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят кызматкерлери Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу 2024-жылдын 2-февралында Тепе-Коргон аймагынын тилсиз жоодон жабыркаган борбордук мечитинин ордунда өткөрүлдү. Учурда ал жерге чоң, заманбап, үч кабаттан турган мечит куруу пландалып, сүрүп-тазалоо иштери жүрүп жатат.

Мечиттин имам-хатиби Абдухалил Кадыровго казыят тарабынан мечитти куруу иштерине жардам иретинде акчалай жардам берилди. Мечит жамааты жергиликтүү эл жана кошуна мечиттердин колдоосу менен учурда 2 млн сомго жакын акча чогулганын, келе жаткан жума намазында райондогу мечиттер тарабынан жардам көрсөтүү пландалганын билдиришти.

«Биз, мусулмандар ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар деп ишенебиз. Мечиттин өрт себептүү жабыркашы чоң сыноо болуп, ага сабыр кылгандар үчүн жаңы заманбап мечит куруу иштери башталууда. Ошондой мечитке кошуна жаран да өз жеринен бир бөлүк мечитке өткөрүүнү убадалаптыр. Ал кишиден Аллахым ыраазы болсун. Ошондой эле сүрүп, тазалоо иштеринде активдүү катышып жаткан жаштарга кудайым күч-кубат берсин», — деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.