Ош шаарында “Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы” аттуу конкурс өтөт

Бүгүн 7-февраль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте Ош шаарындагы мечиттердин жамааттары  жана диний окуу жайлардын студенттери, мугалимдери катышкан “Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы” аттуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өмүр баянын, жашоосун элге терең жеткирүү максатында конкурс уюштурууну план кылып, жакынкы арада старт аларын мерчемдешти. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, «Сынактын максаты Ааламдардын мырзасы сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өрнөктүү өмүр жолун, сүннөттөрүн, адамзатка практика жүзүндө көрсөткөн үлгүлүү жашоосун, үммөтүнө болгон камкордугун, ааламдагы анын ордун, кадыр-баркын жакындан таанып билүү үчүн китеп окуу конкурсун уюштуруу», — деп билдирди.

Конкурска Ош шаарынын тургундары жана медресе студенттери гана катыша аларын билдирген шаар казысы бул конкурска мырзалар гана катыша аларын, аялдар үчүн кийинкиде уюуштуруу көздөлүп жатканын айтты.