Бишкектин имамдарына санитардык-эпидемиологиялык маселелер боюнча семинар уюштурулду

Кечээ, 6-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Хамза Бин Абдумиталип» мечитинде Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан ордо калаадагы жалпы имамдарга семинар уюштурулду.

«Бул семинар имамдардын талабы жана иш планыбыздын негизинде өткөрүлүп жатат. Себиби, мечиттерди кароо учурунда айрым санитардык эрежелер сакталбаганына күбө болуп жаттык. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди үйрөнүп, ошонун үстүндө иштейли деп уюштуруп жатабыз. Негизи динибиз тазалыкты исламдын эң алдыңкы шарты катары эсептейт. Ушул себептен адамдын ички дүйнөсү, денеси, кийими, ичкен-жегендери жана чөйрөсү таза болуш керек. Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү келип санитардык эрежелер, нормалар, көрсөтмөлөр менен тааныштырып, мыкты семинар өтүп бергенине ыраазычылык билдиребиз», — деди Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов.