Сайдамир ажы Жейналиев: «Илим талап кылууда билбегенди сурагандан уялбаш керек»

Бүгүн, 7-февраль күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, анын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыяттын бухгалтери Сулайман ажы Шерматов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана казыяттын маалымат адиси Алибек Акпарали уулунан турган дин кызматкерлери Араван районуна жасаган иш сапарынын алкагында «Имам аль-Бухарий» медресесине зыярат кылып, студенттер менен жолугушту.

Облус казысы студенттер менен сабак учурунда жолугушуп, бир катар суроо-жооп иретинде баарлашып, окууларына ийгилик каалап, ак батасын берди.

«Илим талап кылууда билбегенди сурагандан уялбагыла. Ар бир сабакты кунт коюу менен угуп, терең түшүнүүгө аракет кылгыла. Түшүнбөй калсаңар, «бул эмнеге мындай» деп сурап, тактап билип алуу керек. Окууну ийгиликтүү аяктап, эл-журтка кызмат кылган эр-азаматтардан болгула», — деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.