Кара-Сууда мектеп окуучуларына рэкетчиликтин алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Эркин айылында жайгашкан №46 С. Маматов атындагы орто мектебинин жогорку класстын окуучуларына рэкетчиликтин кесепеттери жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлүп, ага «Эркин» мечитинин имам-хатиби Асылбек ажы Турдубаев катышып, өз баяндамасын жасады.

«Өзүнө каалаган жакшылыкты башкаларга да каалоо — бул мусулман адамдын сыпаты болуп саналат. Ошондой эле башкаларга тили жана колу менен зыян келтирбөө тууралуу айтылган хадистер бар. Силер жаштык кездеги күч-кубатыңарды жакшылык кылууга жумшагыла. Анткени «Инсандардын эң жакшысы башкаларга пайдасы тийгендер» деп айтылат», — деди Асылбек ажы Турдубаев.

Аталган иш-чарага милициянын капитаны Аргенбек Аканов, мектеп мугалимдери жана жогорку класстын окуучулары катышты.