«Равза» медресесинде жоолукту даңазалаган иш-чара өттү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы «Равза» кыздар мересесинде узап бараткан бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө багытталган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чара кызыктуу конкурстар менен коштолуп, жеңүүчүлөргө кызыктуу белектер тапшырылды.

«Уул тарбияласаң бир үй-бүлө тарбиялайсың, кыз тарбияласаң бир улут тарбиялайсың» демекчи, ислам динибизде аялзатынын орду чоң. Ошондуктан да Аллах Таала Ыйык Курандын үчүнчү сүрөсүнүн аты «ан-Ниса», башкача айтканда «аялдар» деп атаган. Андыктан кыздарыбыздын билим алуусуна, ар тараптуу өнүгүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берели. «Билимдүү аял, билимдүү балдарды тарбиялап өстүрөт». Демек келечек муундун кандай болору азыркы кыздардан көз каранды», — деп белгиледи «Равза» медресенин мүдүрү Узген ажы Каландаров.

Айта кетсек, иш​-чаранын аягында катышуучуларга арналган сый-тамак уюштурулду.