![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/02/IMG-20240208-WA0002.jpg)
Бүгүн, 8-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа айылындагы «Умму Фатима» атындагы окуу борборунун таалим алуучуларына илим алуу жана жүрүм-турумга көңүл буруу жөнүндө баяндама жасады.
«Адам баласы окуп үйрөнгөн илимине амал кылуу менен сөзү өтүмдүү болот. Тилибизден чыккан насааттарыбызды иш жүзүндө да көрсөтөлү. Өзгөчө илим алууда адеп-ахлакка көңүл буруп, жүрүм-турумубузду жакшырталы», — деди.