Сайдамир ажы Жейналиев Аравандагы «Якубжан ажы» атындагы мечиттин курулуш иштери менен жеринен таанышты

Кечээ, 8-февраль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, анын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыяттын бухгалтери Сулайман ажы Шерматов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов, анын орун басары Максат кары Сидиков жана казыяттын маалымат адиси Алибек Акпарали уулу болуп, Аравандагы жаңы курулуп жаткан «Якубжан ажы» атындагы мечитти зыярат кылышты.

Араван райондук хатибиятынын билдирүүсүнө ылайык, аталган мечитти эсептик каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Мечиттин курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенге чейин параллелдүү түрдө иш кагаздары да бүткөрүлүп, эсептик каттоодон өткөрүүгө аракет көрүлүүдө.

Аталган мечит жергиликтүү демөөрчү тарабынан каржыланып, үч кабаттуу заманбап шарттары менен бүткөрүү пландалган.