Сулумбек ажы Узеналиев иш сапары менен Манас районунда болду

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев иш сапарынын алкагында Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков жана Манас районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Манас райондук администрациясынын жыйындар залында өтүп, анда бир катар диний маселелер жана алдыда аткарыла турган иштер талкууланды.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев өткөн жылда биргеликте иш алып баргандыгы үчүн район акими Досмамбет Жээнбековго ыраазычылыгын билдирип, казыяттын Ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Андан кийин облус казысы райондун борбордук мечитинде имам-хатибдер менен жолугушуп, жыйын өткөрүп, ар бир имамга Куран китептерин белек кылды.