«Имам Матуридий» атындагы ислам институтунда кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 8-февраль күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов «Имам Матуридий» атындагы ислам институтунда өткөрүлгөн кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чарага катышып, өз баяндамасын жасады.

«Ынтымак бар жерде ырыс бар» деп айтылгандай эле, бири-бирибиз менен мамилени бекемдеп, жакшылык иштерди жасоого аракеттенели. «Күч биримдикте» демекчи, биримдик болбосо чыр-чатактар менмин деген чоң империяларды да кулатканын тарыхтан байкасак болот. Ошол себептен болбогон майда нерселерди талашып-тартышпастан, тынчтыктын кадырына жетели», — деди Алибек ажы Жусупов.

Ага кошумча Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров ысырапкорчулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, Мекенди сүйүү, ынтымак жана биримдик, жерлерди каратып алуу, жаштардын адеп-ахлагы сыяктуу ж.б. темаларда баяндама жасады.

«Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ислам дини улутуна, расасына, уруусуна, ак-карасына карабай, баарына бирдей мамиле кылууга чакырат. Бир туугандай болуп, бөлүнбөстөн биримдикте бололу. Эч кимге зыян жеткирбейли, зордук-зомбулуктун алдын алууга аракеттенели. Ошондой эле, жылдап тапканыбызды бир күндө сапырып жибербейли. Анткени Куранда, «Жегиле, ичкиле. Бирок ысырап кылбагыла» деп айтылган», — деди Абдирашит ажы Батыров.

Аталган иш-чарага ДИМК ТАБдын өкүлдөрү, күч органдары, Кара-Суу районундагы жума мечит имамдары, «Абу Ханифа» медресеси жана «Имам Матуридий» атындагы ислам институтунун мугалимдери менен студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ДИМК ТАБнын өкүлдөрү слайд аркылуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын ишмердүүлүгү, Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдар жана мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан диний уюмдар тууралуу маалымат берип өтүштү.

Ал эми күч органдары жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму, зордук-зомбулук, туура эмес диний маалыматтардан оолак болуу жөнүндө айтышты.