Кара-Сууда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 8-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана алардын балдарын социалдык жактан коргоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, балдар арасындагы ар кандай укук бузуучулукту, рэкетчиликти, өз жанын кыюуну (суицид) алдын алуу жана мектеп жашындагы балдарды өз убагында мектепке тартуу боюнча иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага райондун акими Темирболот Абыкеев, райондук соттун төрагасы Эрлан Асанов, райондогу ишкана-мекемелердин жетекчилери, райондун баш имам-хатибинин орун басары Абдулла Сайдамир уулу жана аймактык жооптуу имамдар катышты.

Райондун акими ар бир ишкана мекемелердин жетекчилерине үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тапшырма берди. Өзгөчө райондун аймактарындагы жооптуу имамдарга элге түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү боюнча баса белгилеп өттү.

Райондук мамлекеттик администрациясында өткөн жыйындын соңунда баш имам-хатибдин орун басары Абдулла Сайдамир уулу эл-журттун амандыгын, тынчтыгын тилеп дуба кылды.