Кара-Балтада «Жоолугум менин сыймыгым» аттуу иш-чара уюштурулду

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндө аялдарга багытталган «Жоолугум менин сыймыгым» аттуу иш-чара болуп, ага Кыргызстан Ислам университетинин мугалими Дилбара Абдулла кызы, «Хисса бинт Зайд» аялдар борборунун жетекчиси Айнагүл Өмүрзакова катышты.

Иш-чаранын алкагында аялдарга ислам дининин баалуулуктары, аялдын үйдөгү орду, балдардын тарбиясына көңүл буруунун зарылдыгы тууралуу баяндамалар жасалды.

«Эне — үйдүн куту» демекчи, динибизде эненин орду чоң болуп эсептелет. Канчалаган залкар аалымдар, окумуштуулар кандай гана такыба аялдардын тарбиясын алышкан. Мына ошондуктан биз, аялдар канчалык такыба, илим-билимдүү болсок, келечек муунубузду ата-энесине, мамлекетибизге, динибизге жакшы кызмат кылууга тарбия бере алабыз», — деп белгиледи Айнагүл Өмүрзакова.

Эскерте кетсек, бул иш-чара Жайыл райондук хатибиятынын демилгеси менен уюштурулду.