Бекназар ажы Жапаров: «Эми мечит ичиндеги толуп турган жамаат менен кооздолот»

Кечээ, 8-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Кара-таш аймагындагы Кара-Таш айылында жайгашкан»Орто топ» мечитинин эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн мечит имамына тапшырып, иштерине ийгилик каалады.

«Мечиттин имараты бүтүп, эсептик каттоодон өттү. Эми мечит ичиндеги толуп турган жамаат менен кооздолот. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакшылык иштерге чакырып, мечиттин ичи толо жамаат болот деп ишенебиз», — деди Бекназар ажы Жапаров.