Аламүдүндүк имам КМДБнын Ардак грамотасы менен сыйланды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы «Шерказыкулмухаммад» атындагы мечитинин имамы Нуркалый Муратбеков Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ардак баракчасы менен сыйланды.

Ал аймактарда дин маданиятын өнүктүрүүгө, элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга жана ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүгө кошкон салымы, ошондой эле Чүй облусунун райондорундагы мечиттеринин документтерин жөнгө салганы үчүн казыят тарабынан Азирети Муфтийдин Алкыш баракчасына сунушталган.

Эске салсак, Нуркалый Муратбеков 2022-2023-жылдар аралыгында Аламүдүн районундагы каттоодон өтө элек 20 мечит, ал эми облус аймактарындагы 38 мечитти КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөрүүгө салым кошкон. Ардак Грамотаны Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев тапшырып, имамдын алдыдагы иштерине ийгилик каалады.