«Абдыжапар» атындагы ислам институтунда интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы Медресе айылында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун 1-2-курс студенттери арасында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

Таймашта төмөнкү категориялар боюнча суроолор берилди:

— Пайгамбарлар тарыхы;

— Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өмүр баяны;

— Сүрөттөргө карап кыргыз макалдарын табуу.

Жарышка жалпысынан 5 команда катышып, алар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.