Самидин кары Атабаев Малайзиянын «Халал» индустриясын өнүктүрүү корпорациясынын башкы директорун кабыл алды

Бүгүн, 9-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучусу Самидин кары Атабаев Малайзиядагы «Халал» индустриясын өнүктүрүү корпорациясынын башкы директору Хайрол Арифаин Бин Сахари жана «Халал» индустриясын өнүктүрүү корпорациясынын коммерциялык директору Мохд Замулуд Бин Аванг Кечик баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууга КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, Бактияр ажы Токтогазы уулу баштаган мекеменин «халал» иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаевдер катышты.

Саамалыкта тараптар жакындан таанышып, ислам үммөтүн адал азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы иштердин концепциясы, бул жааттагы жетишилген натыйжалар жана таңкыстыктар, тараптар ортосундагы тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

«Чексиз Мээримдүү жана Ырайымдуу болгон Алла Таала бизге адал жашап, адал жеп-ичишти буюрган. Демек, адал аштыкка абдан маани беришибиз керек. Учурдагы глобализация жана бүткүл дүйнөлүк жылуулануу менен кошо келе жаткан проблемалар, өнүккөн технология жана татаалданган биохимия мезгилинде адамзаттын, өзгөчө ислам үммөтүнүн адал азык-түлүк менен камсыздалышы өзөктүү маселелерден. Андыктан бул жаатта шарияттык жактан да, илимий жактан да тыкыр изилденип, үммөткө ак кызмат кылуу жолунда биргелешип иш алып барышыбыз зарыл», — деп билдирди Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучусу.

Ал ошондой эле адал азык-түлүктү өнүктүрүү жаатындагы КМДБнын иштери, натыйжалар жана пландары боюнча кыскача айтып өттү.