Алайда айыл имамына умра сапарына жолдомо тапшырылды

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков борбордук мечитте жума намазына келген жамааттын алдында Кызыл-Коргон айылында мыкты иштеп жаткан, илимдүү имам Космосбек Курбанбаевге хатибият тарабынан умра сапарына жолдомо сертификатын тапшырды.

«Ислам динин жайылтууда, жаштардын адеп-ахлагын жакшыртууда көп жылдардан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан имам-дамлабызга хатибият тарабынан умра сапарына жолдомо тапшырууну ниет кылдык эле. Аллахым насип кылып, бүгүн ишке ашып жатат. Өлкө боюнча дин кызматкерлеринин эмгектери бааланып, умра сапарына жолдомолорду тапшыруу сыяктуу жакшы жышаан жүрүүдө. Башкаларга да үлгү болот деп ишенебиз», — деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, Космосбек Курбанбаев 9 жылдан бери «Кызыл-Коргон» мечитинде имам-хатибдик кызматын аркалап келет.