Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров облус казыларына алгачкы жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 10-февраль күнү муфтияттын жыйындар залында Кыргызстан мусулмандарынын жаңы бекитилген Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров облус казыларына жыйын өткөрдү.

Азирети Муфтий жыйында диний объектилердин каттоо иштерин ыкчамдатуу, ысырапкорчулуктун кесепеттерин жана зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотууга багытталган иштерди алып баруу, аймактардагы түзүмдөр менен тыгыз кызматташуу, диний агартуу, жаш өспүрүмдөр жана аялзатынын туура нуктагы диний билим алышына көңүл буруу, өзгөчө мусулман кыргыз коомчулугунда матуриди акыйдасын жана ханафилик мазхабын күчтөндүрүү жаатында тапшырмаларды берди.

Айта кетсек, бүгүн 10-февраль күнү борбор калаадагы Улуттук тарых музейинде Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз Курултайы өтүп, анда Абдулазиз кары Закиров Азирети Муфтий кызматына шайланды.